Биз менен байланышыңыз

Казакстанда биринчи жолу 17 жашар шахматчы Дүйнө чемпиону болду

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 31 Дек 2021 | 759 | 0

Казакстандын тарыхында биринчи жолу 17 жаштагы шахматчы чоңдор арасында Дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Казакстандын Vesti.kz. маалымат агентттиги билдирди.

Өз Мекенине кубаныч тартуулаган чемпион Бибисара Асаубаева дүйнөлүк шахмат тарыхына да «эң жаш чемпион шахматчы» катары жазылды.

Шахмат боюнча чоңдор арасында Дүйнө биринчилиги Польшанын борбору Варшавада өтүп жатат. Анда казакстандык кыз шахматтын эки түрүнөн катышып, экинчи түрү рапид (тез) шахматтан экинчи орунду, классикалык шахматтан биринчи орунду ээледи.

Казакстандык спортчу буга чейин классикалык шахмат боюнча өспүрүм кыздар арасында да, мектеп окуучулары арасында да Дүйнө чемпиону болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM