Биз менен байланышыңыз

Акыркы үч айда 1085 өрт кырсыгы катталып, 25 адам каза болгон

Кыска кабар | 31 Дек 2021 | 274 | 0

Жылытуу мезгили башталган үч айга чукул убакыттан бери өлкө боюнча 1085 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен 25 адам каза тапкан, анын ичинен алтоо кичине балдар болгон. Ошондой эле 29 адам ар кандай жараат алган.

Мындай кайгылуу жагдайларга байланыштуу ӨКМдин Өрткө каршы жана өрттүн алдын алуу башкармалыгы жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырды.

— Таштандыларды өрттөөдө көзөмөлдөп туруңуз, күйгүзүп коюп, башка ишке алаксып кетпеңиз;

— Тамекинин калдыгын өчүрбөй туруп, ошол эле учурда туш келди ыргытпаңыз;

— Балдарды отко жакын жолотпоңуз, от менен ойнобоосун эскертиңиз;

— Мешке от жагууда, морун тазалоодо коопсуздук эрежелерин так сактаңыз;

— Балдарга электр шаймандарын колдонуу эрежелерин үйрөтүңүз, кичине балдарды электр жабдууларынан алыс кармаңыз;

— Розетканы кереги жок учурда колдон келсе жаап коюңуз, электр буюмдарын сайган боюнча унутта калтырып кетпеңиз;

— Бузук электр буюмдарын колдонбоңуз;

— Жаңы жылды майрамдоо күндөрдө балдардын пиротехникалык буюмдарын колдонуусун көзөмөлгө алыңыз, өзүңүз колдонсоңуз, коопсуздук чараларын так сактаңыз;

— Майрам күндөрдү балдарды кароосуз калтырбаңыз, сыртынан бекитип кетпеңиз.

Кокус өрт чыккан учурда «101» же «112» телефонуна чалып, өрткө каршы күрөшүү кызматына дароо кабарлаңыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM