Кыргызстанда 30-декабрга карата дагы 41 адамдан коронавирус аныкталды. Бишкек шаарына – 24, Ош шаарына – 1, Чүй облусунда – 4, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылды.
Пандемия башталгандан бери 184 миң 633 адамга коронавирус жукту.
Соңку суткада бир бейтап каза болуп, жалпы өлүм учурлары 2 миң 800гө жетти.
Акыркы бир суткада 48 адам илдеттен сакайып чыкты, былтыртан бери 179 миң 778 киши айыкты.
Учурда ооруканаларда 255 бейтап, үй шартында 315 адам дарыланууда.