Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөдөн баңгизат ташыгандар кармалды

Кыска кабар | 30 Дек 2021 | 192 | 0

Чет өлкөдөн баңгизат ташып келип, сатып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Иликтөө иштеринин натыйжасында Ооганстандын баңгизатын Жалал-Абад облусу аркылуу алып өтүп, чет элдик байланыштардын жардамы менен Өзбекстан, Казакстан, Орусияга сатып жүргөн кылмыштуу топ аныкталган.

Кылмыштуу топтун мүчөсү, шектүүлөрдүн бири, Ош облусундагы Кара-Суу районунун тургуну, 1971-жылы туулган Н.М. Бишкек шаарынан кармалган. Текшерүү учурунда спорттук сумкасынан 9 килограмм 790 грамм апийим, 1 килограмм 5 грамм гашиш чыккан.

Ошондой эле дагы бир шектүү Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун тургуну, 1960-жылы туулган К.А. «Маданият» чек ара өткөрмө бекетинен Өзбекстанга өтүп баратып колго түшкөн. Анын үйүнө тинтүү жүргүзгөндө 2 килограммдан ашык Ооганстан гашиши табылган.

Кылмышка шектүүлөр тергөө абагына камакка алынды. Учурда тергөө, иликтөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM