Биз менен байланышыңыз

Валентина Шевченкого «Спорттун отличниги» төш ​​белгиси тапшырылды

Кыска кабар , Спорт | 29 Дек 2021 | 706 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов UFC чемпиону Валентина Шевченкого «Кыргыз Республикасынын спортунун отличниги» төш ​​белгисин тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Валентинаны апасы Елена Шевченко жана машыктыруучусу Павел Федотов коштоп келди.

Мушкер кыз министрге жана жамаатына ыраазычылык билдирип, өзү туулган өлкөсүнө келгенине кубанычын жашырбады. Ошондой эле маданияттын да өкүлү экенин, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаганын, кыргыздын улуттук маданиятын сыйлай турганын, меймандос эли менен сыймыктана турганын белгилеп өттү.

Жолугушуунун алкагында «Кийиз дүйнө» коомдук фондунун атынан зингер саймачы, уз Көкөева Толкун апа Валентина Шевченкого шөкөттөлгөн чапан жапты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM