Биз менен байланышыңыз

«Унаа» мамлекеттик мекемеси тогуз күн жабык болот

Кыска кабар | 29 Дек 2021 | 259 | 0

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин борбордук аппараты жана  аймактык бөлүмдөрү 2022-жылдын 1-январынан 9-январына чейин жабык болот. Мындай чечимди Министрлер кабинетинин жаңы жылдан кийинки иш күндөрүн жылдырууга байланыштуу кабыл алышканын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, жумасына беш күндүк график менен иштегендер үчүн 2022-жылдын 1-9-январы иш эмес күн деп жарыяланган.

«Унаа» мамлекеттик мекемеси 10-январдан тарта саат 09:00дө иштеп, калкты кадимки режимде  тейлей баштайт.

Буга байланыштуу унаа мекемеси айдоочуларды алдыдагы демалыш күндөрүн эске алуу менен алдын ала каттоого туруп, керектүү документтерди алууну эскертет.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылдын 31-декабрында бардык айдоочуларды тейлөө бөлүмдөрүнүн жана «Унаа» мамлекеттик мекемесинин иш убактысы бир саатка кыскарган.

29-декабрь: саат 09:00дөн 18:00гө чейин

30-декабрь: саат 09:00дөн 18:00гө чейин

31-декабрь: саат 09:00дөн 17:00гө чейин.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM