Connect with us

Жүк ташууну көзөмөлдөгөн пункттар автоматташтырылган системага өтөт

Экономика | 28 Дек 2021 | 985 | 0

Автотранспорт агенттиги жыл жыйынтыгын чыгарып, жүк ташуу, транспорттук көзөмөлдөө иштеринде коррупция менен күрөшүү максатында адам факторун жоюп, санариптик багытка өтүп жатышкандарын билдирди. Жүк ташууда кабыл алынган эрежелерди бузган айдоочуларга салынган айып пулдун өлчөмү быйыл 14 млн сомдон ашты.

Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттиги жүк ташууну, тагыраагы, Кыргызстанга кирип-чыккан жүктөр боюнча келишимдерди карап, унаа жолдун абалын көзөмөлдөйт. Өлкөдөгү унаа жолдордун абалына байкоо салуу боюнча 2011-жылы өкмөттүн атайын токтому чыккан. Транспорт көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Дөөлөтов аталган токтомго өзгөртүү киргизилип, ири көлөмдөгү жүк ташуу үчүн атайын уруксат кагазын алууда санариптик ыкмага өтүп жатышканын айтат. Бул жүк ташуучулардын убактысын үнөмдөөгө өбөлгө түзөт.

«Мурда ири көлөмдө жүк ташуу үчүн айдоочу биздин департаменттин, МАИнин кеңселерине атайын келип макулдаша турган болсо, азыркы күндө электрондук түрдө кайрылып, милдеттерин, макулдашуу процесстерин жүргүзүп жатышат. Мурда атайын уруксат кагазын алуу үчүн 10 күндөп жүрүшсө, азыр 3 сааттын ичинде алышууда».

Автотранспорт агенттигинин маалыматына ылайык, жүк ташууда кабыл алынган эрежелерди бузган айдоочуларга салынган айып пулдун өлчөмү былтыр 7 млн 117 миң сом болсо, быйыл 14 млн 248 миң сом болуп, айып пул эки эсеге өскөн.

Жалпы өлкө боюнча 270тен ашык инспектор иштейт.  Бирок, транспорттук көзөмөл пункттарында да коррупция кеңири тамыр алган. Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директору Шухрат Айтиев паракорчулук менен күрөшүүдө көзөмөл пункттарын автоматташтырууга киришип, адам факторун жоюу аракети көрүлүп жатканын айтты.

«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде жол-транспорт көзөмөлдөө пункттарын «Коопсуз шаар» долбоору сыяктуу эле автоматташтырылган жабдуулар менен жабдып, инспектор менен айдоочунун ортосундагы байланышты толугу менен жокко чыгарабыз. Баары автоматташтырылган түрдө камералардын, датчиктердин берген маалыматына таянып, айдоочунун дарегине протокол жиберилет. Бул деген коррпуцияга каршы чоң сокку. Муну менен биз терс көрүнүштөн кутулабыз деген үмүттөбүз. Бул долбоордун үстүнөн азыр активдүү иштеп жатабыз».

Ысык-Көлдө жана суу сактагычтарда суу транспорттору бар. Ал тармакты да ушул агенттик көзөмөлдөп, теплоход, скутер, моторлуу кайык айдагандарга күбөлүк берет.

Жай мезгилинде чоң көлдөрдө скутерден каза тапкандар да кездешет. Буга көбүнесе суу техникаларынын коопсуздук чаралары убагында көрүлбөгөнү себеп болот. Транспорт көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Дөөлөтов бул жаатта коопсуздукту сактоо боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргелешкен аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

«Суу транспортунун, өзгөчө скутерлердин коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин астында да бөлүм бар. Ошолор менен биргеликте кырсыкты жоюу аракетин көрүүдөбүз». 

Өткөн жылдары Транспорт жана жолдор министрлиги Чүй облусундагы айрым жолдорду акылуу кылууну сунуштаган. Ал элдин сынына кабылып, мыйзам киргизилсе, жүк ташуучулар каржылык зыян тартып калары айтылган.

Министрликтин өкүлү Нурбек Мусабеков даяр долбоор бар экенин, учурда жолго төлөнө турган акынын өлчөмү талкууланып жатканын маалымдады.

«Ал боюнча атайын долбоор бар. Ал концепцияны киргизүү үчүн адегенде төлөй турчу акынын көлөмүн аныктап алышыбыз керек. Мисалы, бир чакырымга жүк ташуучу канча сом төлөй турганын. Ал маселе азыркы учурда министрликтин жол департаменти тарабынан иштелип чыгып, өкмөткө киргизилген. Акы төлөө концепциясы кабыл алынса, анан кайсы тилкелерге колдонулары белгилүү болот».

Учурда Кыргызстан жүк ташуу боюнча 41 өлкө, анын ичинде 21 өлкө менен өкмөттөр аралык деңгээлде иш алып барат.

Транспорттук көзөмөлдөөнүн натыйжасында үстүбүздөгү жылдын 11 айында бюджетке 31 млн 602 миң 103 сом түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM