Биз менен байланышыңыз

Союзбек Надырбеков маданият министринин орун басары болду

Кыска кабар | 28 Дек 2021 | 366 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын тескемесине ылайык, Союзбек Надырбеков Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Буга чейин Союзбек Надырбеков Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин директорунун орун басары болуп иштеген.

Надырбеков 1990-жылы 16-сентябрда Оштун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында туулган.

Жогорку билимдүү. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин эстрадалык вокал, Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин корей тили бөлүмүн бүтүргөн.

Кореядагы Чунг-Анг университетинин ички жана тышкы саясат багытында окуган. Ошондой эле президенттин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны окуган.

Ал консультант, координатор, кеңешчи, менеджер, уюштуруучулук иштери менен алектенген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM