Нурдин Алишеров Айыл, суу жана токой чарба министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Нурдин Алишеров 1982-жылы туулган. Ал Борбордук Азиядагы Америка университетин жана Япониянын Эл аралык университетин бүтүргөн.
Кесиби боюнча экономист жана социолог. Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык чини, «Мамлекеттик кызматтын отличниги» наамы бар.
Кыргыз, орус, англис тилин билет.