Биз менен байланышыңыз

«Кумтөр Голд» кенди жер астынан иштетүүгө өтүү ниетинде

Кыска кабар | 28 Дек 2021 | 548 | 0

Мөңгүлөрдүн бузулушун токтотуу жана курамында алтын бар руданы экологиялык жактан таза, үнөмдүү жол менен казып алуу үчүн «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому кенди иштетүү стратегиясын өзгөрттү.

Бул тууралуу компаниянын сайтында айтылат.

Компания кенди ачык жол менен казып алуудан жер асты аркылуу долбоорун ишке киргизүүнү көздөп жатат.

«Жер астынан казып алуу Кыргызстандын экологиясына келтирилген зыянды бир топ кыскартууга жана туруктуу эмес кен иштетүүдөн баш тартууга мүмкүндүк берет. Канадалык «Центерра голд» компаниясы башкарып турганда, кенди иштетүү ачык жол менен жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында курамында 1 тонна алтын бар руданы алуу үчүн бир эле учурда 41 тоннадан 60 тоннага чейин бош тектерди алуу керек», — деп айтылат сайттагы маалыматта.

Мындай көрсөткүч боюнча «Кумтөр Голд» ишканасы тоо-кен компанияларынын арасында дүйнөдө биринчи орунда турары айтылат.

Кенди жер астында иштетүүдө — кыртыш ачуу коэффициенти өтө төмөн: 1ден 2ге чейин же эң көп 1ден 3кө чейинки алтын камтыган рудаларды тандап алуу максатын көздөйт.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кумтөрдүн жер астындагы рудаларындагы алтындын курамы тоннасына 5 граммдан ашат, башкача айтканда, ачык жол менен казып алуудагыдан дээрлик эки эсе жогору.

Кенди жер астынан казып алуунун күтүлүп жаткан жалпы наркы, жер астындагы кендерди казып алуу үчүн эксплуатациялык чыгымдардын жогору экендигине карабастан, учурдагы чыгымдардан төмөн болот.

Компаниянын пландарында кенди жер астынан казуу долбоору 2008-жылдан 2012-жылга чейин ишке ашырылып келген, бирок кийин токтоп калган. Буга 180 миллион долларга жакын каражат жумшалган.

Курамында алтын бар руданы жер астынан казып алуу боюнча долборду ишке ашыруу үчүн «Кумтөр голд Компани» ишканасында жаңы долбоорлоо  бөлүмү түзүлдү. Учурда жогорку квалификациялуу чет элдик жана жергиликтүү адистер ишти улантууда.

Copyright © 2017 Maral FM