Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылында турак үйдөн өрт чыгып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан турак үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө саат 06:50дө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 09:30да чектөөгө алынган.
Кырсыктын кесепетинен 1980-жылы, 1982-жылы туулган 2 келин жана 2009-жылы, 2019-жылы туулган эки бала каза тапкан.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.