Биз менен байланышыңыз

УКМК: Кадырбек Досонов кайра камалды

Кыска кабар | 24 Дек 2021 | 415 | 0

Мурда маалымдалгандай, УКМК башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга байланышкан оор кылмыштарды жасаган деп айыпталган криминалдык авторитет Кадырбек Досоновго карата тергөө иштери аяктады.

Тергөө аяктагандан кийин бул кылмыш ишин кароо үчүн Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна жөнөтүлүп, анын чечими менен үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында Досоновго карата баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылган.

Бүгүн, 24-декабрда төрагалык кылуучу алмашкандыгына байланыштуу Досоновго карата мурда кабыл алынган чечим каралып, жасалган кылмыштардын оордугун жана кылмыш чөйрөсүндөгү ээлеген абалын эске алуу менен анын баш коргоо чарасы камакка алуу түрүндө өзгөртүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM