Биз менен байланышыңыз

Бишкекте президенттик балаты өттү (сүрөт)

Кыска кабар | 24 Дек 2021 | 417 | 0

Бүгүн, 24-декабрда балдар үчүн уюштурулган жаңы жылдык балаты өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышты. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.

Президенттин администрациясы балаты майрамына өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылганын каюарлады.

Анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрү, этникалык кыргыздардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчылары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар келген.

Балдарга бий топторунун тарбиялануучулары тарабынан даярдалган «Бакыт аралы» жаңы жылдык оюн-зоогу көрсөтүлдү.

Андан соң президент балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, сөз сүйлөдү. Иш-чара аяктагандан кийин президенттин атынан балдарга белектер тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM