Биз менен байланышыңыз

Эрдоган 2022-жылы Кыргызстанга келүү ниетин билдирди

Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 455 | 0

Бүгүн, 23-декабрда президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Өлкө башчылары эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы менен бири-бирин куттукташты.

Президент Садыр Жапаров Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган, дипломатиялык алака түзүп, элчилигин ачкан алгачкы өлкө экенин канааттануу менен белгиледи.

«Түркия биз үчүн боордош мамлекет, ишенимдүү дос, ошондой эле мезгил сынагынан өткөн өнөктөш. Кыргызстан Түркия менен мамилеге өзгөчө маани берет», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Өз кезегинде Режеп Тайып Эрдоган 2021-жылы кыргыз-түрк мамилелерине стратегиялык өнөктөш макамы берилгенине 10 жыл болгонун айтты.

Буга байланыштуу ал стратегиялык кызматташтык боюнча 2021-жылдын июнь айында өткөн парламенттер аралык жыйында кабыл алынган макулдашууларды ишке ашырууга күч-аракет жумшоону сунуштады.

Түрк лидери 2022-жылы боло турган Кеңештин кийинки жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келүү ниетин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM