Биз менен байланышыңыз

Баткен: Кыргызстандыкты аткан тажик чек арачылары жазаланат

Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 407 | 0

Кыргызстандын жаранын аткан тажик чек арачылары жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

22-декабрда Лейлек районундагы Максат-Жаштык унаа жолунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгон.

Тажик чек арачылары тарабынан кыргызстандык жаран Б.М.ге карата курал колдонуу фактысы тастыкталган. Тажикстандын чек ара өкүлдөрү тажик аскер кызматкерлеринин курал колдонуусу мыйзамсыз болгонун моюнга алышты. Мындай ашынган фактыга жол берген чек арачылар жоопкерчиликке тартыларын билдиришти.

Бул окуяны Тажикстандын Аскердик прокуратурасы иликтейт. Мындан тышкары жакын арада эки өлкөнүн чек арачыларынын биргелешкен машыгуулары өткөрүлөт.

23-декабрга карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Окуя кандай болгон? 

22-декабрда Лейлек районундагы Максат-Жаштык унаа жолунда Кыргызстандын жараны КамАЗ унаасын айдап бара жаткан. Ал жол кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин бойлой өтөт.

Айдоочу арыктан суу алуу үчүн токтогон. Ошол учурда анын жанына үч тажик аскер кызматкери келип, унаасына отуруп, Тажикстандын аймагына өтүүнү талап кылышкан. Айдоочу тажик чек арачыларын унаасына отургузуп айдап бараткан.

Айдоочу көңүл бурдуруу үчүн жолдо келе жаткан башка унаанын жолун тосуп, тажик аскерлери тарабынан кармалганын айтып, кыйкырганга үлгүргөн. Ал учурда тажик чек арачылары унаадан түшүп, айдоочу андан ары кеткен.

Бирок тажик аскер кызматкерлери КамАЗга 3 жолу ок чыгарышкан. Айдоочу айнектин сыныктарынан майда жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM