Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Сот Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шайлообек Атазовдун жазган арызын карап, дагы бир талапкер Нурбек Алимбековдун пайдасына чечим чыгарды. Бул тууралуу Нурбек Алимбековдун шайлоо штабынын башчысы Нурлан Орозбаев «Маралга» билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаардык административдик сотунун чечимин Жогорку Сот күчүндө калтырды. Анын негизинде №8 Төлөйкөн округунан Нурбек Алимбеков депутат болуп келет.
«Буга чейин биздин атаандашыбыз Шайлообек Атазов бир нече дооматтарды коюп, БШКнын чечимин жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган эле. Бирок сот анын дооматтарын четке кагып, биз тарапка чечкен. Андан кийин ал Жогорку Сотко кайрылган, бүгүн Жогорку Соттун отуруму болуп, акыркы чечимди чыгарды».
Ошондой эле ал бүгүнкү күндө Атазов тарабынан Алимбековго коюлган бардык дооматтар четке кагылганын кошумчалады.
Шайлообек Атазов Алимбековду 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо добуштарды жана Ош шаардык прокуратурасынын кызматкерлерин сатып алууга айыптаган.