Валентина Шевченко Кочкордогу көк бөрү оюнуна күбө болду. Бул тууралуу Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Кочкор районунун акими Курбанбек Камчыев мушкер кызды, машыктыруучусун жана апасын тосуп алды.
Валентина Шевченко Кочкор районунун Көк-Жар айылында маркум журналист Улан Эгизбаевдин жаркын элесине арналып уюштурулган көк бөрү оюнунун финалдык беттешин көрдү.