Биз менен байланышыңыз

Чүйдө 4 млн сомду алдап алып, качып жүргөн адам кармалды

Кыска кабар | 21 Дек 2021 | 207 | 0

Чүй облусунун Аламүдүн районунан жарандардын акчасын алдап алып, изин жашырып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Аламүдүн райондук милициясына ондон ашуун арыз түшкөн. Анда айтылган маалыматка караганда, өзүн Фархад деп тааныштырган адам элдин ишенимине кирип, ар кандай жолдор менен акчаларын алып кетип турган. Кийин акчаны кайтарып бербей, качып кеткен. Арыздарда көрсөтүлгөн сумма боюнча ал 588 миң сом жана 36 миң 700 доллар алдап алган.

Бул факт бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен катталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул фактыларга шектүү катары Чүй облусунун 36 жаштагы тургуну кармалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM