Чек ара кызматынын Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз товарларды өткөрүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, чек арачылар Баткен облусунун Лейлек районунун Сай аймагында 1995-жылы туулган Кыргызстандын жараны Х.Ж.нын башкаруусундагы Opel Astra үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.
Унааны текшерүү учурунда мыйзамсыз ташылып бара жаткан 700 кг жүк, кир жуугуч айна табышкан. Айдоочунун жүктү коштоочу документи болгон эмес.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жүк Тажикстандын аймагына андан ары ташуу үчүн алынгандыгы белгилүү болгон.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана мал андан ары териштирүү үчүн тиешелүү кызмат адамдарына өткөрүлүп берилди.