Биз менен байланышыңыз

УКМК: Башкы прокуратуранын кызматкери коррупцияга шектелип кармалды (видео)

Кыска кабар | 18 Дек 2021 | 821 | 0

Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан «Бишкек машина куруучу заводго» таандык 62 гектар жер тилкесин мыйзамсыз чыгарып алуу жана ээликтен ажыратуу боюнча коррупциялык схемага бир катар мамлекеттик кызматкерлер менен жарандардын мыйзамсыз байланышы бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинини маалымат кызматы билдирди.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышты уюштурууга Башкы прокуратуранын, Сокулук районунун мамлекеттик каттоо жана «Бишкек машина куруучу заводдун» кызмат адамдарынын түздөн-түз катыштыгы бар экендиги аныкталды.

13-декабрында УКМК тарабынан Башкы прокуратуранын кызматкери Ч.Н., «Бишкек машина куруучу заводдун»  кызматкери С.М. жана Э.Б., Ж.А. аттуу эки жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аты аталгандардын бары 2 айга камалды.

Иштин материалдарында такталгандай, кылмыштын уюштуруучусу Башкы прокуратуранын кызматкеринин кылмыш схемасы боюнча аталган жер тилкеси кылмыштын башка катышуучусуна 460 миң долларга сатылып кеткен.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM