Биз менен байланышыңыз

Кыргыз футболуна 100 жыл. Президент эки гол киргизди

Кыска кабар | 17 Дек 2021 | 693 | 0

Бишкекте кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата футзал боюнча мелдеш өтүп жатат. Турнирге 6 команда катышууда.

Алгачкы беттеште Президенттин администрациясынын командасы менен «Өнөр» командасы ойноп, эсеп саны 2:2 болуп тең чыкты.

Оюндун биринчи бөлүгүндө «Өнөр» командасынан бир голду Майрамбек Осмонов жана Фархад Бекманбетов киргизди.

Экинчи таймда президент Садыр Жапаров эки гол киргизди.

Иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.

Аталган турнирдин башкы максаты: өлкөдө спортту жайылтуу жана сергек жашоо образына үндөө.

Оюнга Президенттин администрациясынын, футбол ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышууда.

Чүчүкулактын жыйынтыгында алты команда эки топко бөлүнгөн:

А тобу:
— Алга;
— Бизнес коомчулугу;
— ЖМК.
В тобу:
— Президенттин администрациясы;
— Федерациялар;
— Өнөр адамдары.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM