Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдөгү өзгөчө дарактар

Блог | 17 Дек 2021 | 1370 | 0

Жер бетинде кандай гана таң калыштуу кубулуштар бар. Анын бири: ар кандай өскөн дарактар.

Жашообузда өзгөчө орун ээлеген дарактардын дээрлик 100 миңден ашуун түрү бар.

Назарыңызды өзгөчө дарактардын сүрөттөрүнө бурабыз.

Сокотра аралында «Ажыдаар» дарагы өсөт. Аны «ажыдаар каны» (draco cinnabari) деп да коюшат. Мындай аталыш чайыры кан түспөл кызыл болгондуктан берилген. Бийиктиги 10 метрге жеткен бул дарак өйдө каратылган кол чатырдын да, жашыл калпактуу козу карындын да элесин берет. Ал эми арабдар муну «ага-ининин каны» (дам аль-ахавейн) деп аташат.

Австралиянын Баобаб дарагы. Сырткы түзүлүшү бөтөлкөгө окшош болгону үчүн «бөтөлкө дарагы» (brachychiton rupestris) деген ат берилген. Бул дарак Намибия тоолорунда өсөт. Чайыры абдан уулуу, байыркы убакта мергенчилер аңын өлтүрүү үчүн жебелеринин учуна сыйпашкан. Гүлү кызгылтым тартып, өтө кооз көрүнөт.

Дүйнөдөгү эң чоң дарактардын бири Калифорния штатынын үстүндөгү «Секвойя» улуттук паркында өсөт. Парк Сьерра-Невада тоосунда жайгашкан.

Дарак «генерал Шерман» деп аталат. Даракка болжол менен 2 миң 800 жыл болду. Парк да ушул дарактан улам «дөө токой» (гигантская секвойя) же жөн гана «секвойя» атын алып жүрөт.

Дарактын бийиктиги 83 метрден ашып, түбүнүн жоондугу 24 метр, башынын жоондугу 33 метрге жетет. Дарак дале өсүшүн токтото элек, жыл сайын 1,5 сантиметрден жооноюп жүрүп отурат.

Ал эми Калифорнияда эң бийик дарак «гиперион дарагы» болуп саналат. Калифорния штатынын «Редвуд» улуттук паркында өскөн бул дарактын бийиктиги 115,5 метрге жетип,» Эркиндик» статуясынан да кыйла узун. Кызыгы, ушунча узун болгонуна карабай, жоондугу 4-5 эле метр болот.

Африкадагы санленд баобаб дарагынын ичи көңдөй болгондуктан, 1933-жылы ага 15-20 орундуу чакан бар ачылган. Дарактын бийиктиги болжол менен 20 метр, 600 жылдан бери өсүп турат.

Эвкалипт күн желеси (eucalyptus deglupta) дарагы тулкусу түркүн түскө боёлуп турганы жана учуна көз жетпеген узундугу менен айырмаланып турат. Дарактын эң жапыс өскөнү 100 метр болот. Дагы бир кызыгы, дарак дайыма тулкусун жаңыртып турат. Тагыраагы, мезгилдин өтүшү менен кабыгы кара кочкул тарта сыйрылып түшөт да, бооруна кайрадан саргыч, кызгылт, күрөң, жашыл кабык өсүп чыгат. Бул көрүнүш түсүнүн күн желесиндей кубулуп турушун шарттайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM