Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан жашыл экономика жана санариптештирүү боюнча Түштүк Кореянын тажрыйбасын алат

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 773 | 0

Өзбекстан жашыл экономика жана санариптештирүү боюнча Түштүк Кореянын тажрыйбасын алат. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин маалымат кызматы билдирди.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 16-декабрда Түштүк Кореянын президенти Мун Жэ Индин чакыруусу менен 3 күндүк мамлекеттик сапарга жөнөп кетти. Ал 18-декабрга чейин Сеулда болуп, Түштүк Кореянын банк жетекчилери менен да жолугушары айтылды.

Өлкө башчылардын жолугушуусунун башкы темасы жашыл экономика жана санариптештирүү болот. Өзбекстан бул жаатта Түштүк Кореянын тажрыйбасын колдонмокчу. Ошондой эле билим берүү жана инновациялык технологиялар жаатында да бир катар документтерге кол коюлуусу күтүлүп жатат.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин экинчи мөөнөткө кайра шайлангандан кийин алгачкы чет өлкө сапарын Орусияга жасаган. Экинчи сапары Түштүк Кореяга болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM