Биз менен байланышыңыз

Токтобүбү Оргалча аны «Кытайдын агенти» деп сындагандарга жооп берди

Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 3473 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Альянс» партиясынан талапкер Токтобүбү Оргалча, аны «Кытайдын агенти» деп сындагандарга Фейсбук баракчасы аркылуу жооп берди.

Ал улуту кыргыз экенин, аны «кытай, уйгур, шпион» дегенге эч кандай негиз жоктугун жазып, үй-бүлөлүк сүрөтүн жүктөгөн. Ошондой эле өзүнүн өмүр баянын да кыскача кошумчалап өткөн.

«Мен Токтобүбү Оргалча кызы 1972-жылдын 10-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусунун Ак-Чий ооданында кызматчынын үй бүлөсүндө туулгам. 1990-1995-жылдары Синьцзян медициналык университетинде жогорку билим алып, врач-кардиохирург кесибине ээ болгом. Андан соң 1995-жылдан 2012-жылдарга чейин Пекин медициналык университетинин аспирантурасында билим алуумду уланттым. Окуумду ийгиликтүү аяктагандан кийин 3 жылдай  Кытайдын ири шаарларынын бири Гуанчжоуда ишкерлик менен алектендим. 2015-жылы  ата-бабаларымдын тарыхый мекени болгон Кыргызстанга көчүп келип, үй-бүлөм менен негиздеген «Шыдыр Жол Кей Джи» ишканасында ушул убакытка чейин эмгектенип келе жатам. Мен табиятыман искусствого жакын болуп чоңойдум. Бош убактыларымда ырдаганды жактырам. Айрыкча мекенди сүйүү ырларын өтө сүйүп угуп, аткаргым келет. Жолдошум экөөбүз бир уул, бир кызды тарбиялап өстүрүп жатабыз», — деп жазган Токтобүбү Оргалча.

Ал эми партиялашы Жанар Акаевге берилет деген мандаттын ага берүү боюнча БШКнын чечими тууралуу пикирин айткан эмес.

Кошумчалай кетсек, кечээ 15-декбарда БШКнын чечиминин негизинде «Альянс» партиясына берилүүчү 7 мандаттын төртөөсү эркек талапкерлерге, дагы үч мандат аял талапкерлерге берилмей болгон. Буга чейин гендердик квотаны эске алганда, аталган партиядан 2 аял депутат болуп келмек.

БШК: Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча депутат болот

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM