Биз менен байланышыңыз

Sparkтын директору: Бакиевдердин компанияга эч кандай тиешеси жок

Блог , Маек | 16 Дек 2021 | 6262 | 0

Буга чейин электромобиль ташуучу жана сатуучу Spark компаниясынын өнүктүрүү боюнча директору Сымбат Маратбек Кыргызстандагы таксилерди жана коомдук транспортту электромобилге өткөрүү аракетин жасап жатышканын айтып, «Маралга» маек берген эле. Андан соң коомчулукта Сымбат Маратбектин мурунку президент Курманбек Бакиевдин иниси Марат Бакиевдин кызы экени талкууланып, жасап жаткан иштери боюнча ар түрдүү пикирлер жаралган. Бүгүн Spark компаниясынын башкы директору Искендер Сулеймановдон компаниянын Бакиевдерге тиешеси бар же жогу, Сымбат Маратбектин ишканадагы орду тууралуу маектештик. 

— Искендер мырза, сиз жетектеген компанияда Марат Бакиевдин кызы Сымбат Маратбектин иштээри коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Сиздердин компанияга Бакиевдердин кандай тиешеси бар?

Негизи бул компанияга Бакиевдердин эч кандай тиешеси жок. Болгон да эмес, болбойт дагы. Бул деген — менчик, Америкадан келип, Кыргызстандын экологиясын оңдоо максатында ачкам. Ошонун арты менен өлкөгө электромобилдерди тарта баштадым. Анүчүн инфраструктураны өнүктүрүп, анан ишке ашырууга ниет кылып жатабыз. Бирок Бакиевдердин бул аракеттерге эч бир тиешеси жок.

— Сымбат Маратбекти кызматка кандайча алып калдыңыз эле? Анын компаниядагы орду кандай? 

Ооба, Сымбат Маратбек бизде иштейт. Ишкер катары компаниябызга инфраструктура жаатында жардам берет. Компаниянын өнүктүрүү боюнча директору. Өзүнүн тажрыйбасы жана кесибине жараша кадимки ишкер катары эле алганбыз.

— Сымбат Маратбектин сиздин компанияда болушу сиздин иштердин оңой бүтүшүнө таасир этип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө кандайдыр бир жеңилдиктерди жараттыбы?

— Сымбат Маратбектин бир гана жеңилдиги бар. Ал кесипкөй, чебер адис катары биздин жумушка, компанияга жакшы таасири тиет. Бирок, үй-бүлөсүнөн, тааныштарынан жардам көргөн эмеспиз, өзүбүз деле күтпөйбүз. Биз аны үй-бүлөсүнө карап эмес, тажрыйбасына жана иш билгилигине (компетентная) карап алганбыз.

— Компания Кыргызстандагы таксилерди жана коомдук транспортту электромобилге өткөрүү аракетин жасап жатканын айткан болчу. Бул багытта кандай иштерди алып барып жатасыздар? 

Ооба, бардык айтылган маалыматтар туура. Кыргызстанда экология начарлап кеткендиктен, алдын алуу максатында электромобилдерди өнүктүрүүнү максат кылганбыз. Бул багытта аракеттерди көрүп жатабыз. Жакын арада коомдук транспортту деле электромобилдерге өткөрүү пландарыбыз бар. Окуп жатабыз, Бишкек мэриясынын электомобилдик автобустарга өтүү планы бар экен. Биз менчик такси кызматына пилоттук долбоор менен бир канча машина алып келип, азыр «Намба» такси менен биргеликте иш жүргүзүп жатабыз. Ошондой эле электромобилдерди кубаттоочу станцияларды куруу максатыбыз бар. Бирок булар — жаңы эле башталган аракеттер. Бул тармактын өтө чоң потенциалы бар деп ойлойбуз, себеби бензиндин баасы күн сайын өсүп жатат, экологиябыз да начарлоодо. Биз да ошонун алдын алууга аракет кылуудабыз.

— Коомчулукта сиздин өзүңүзгө да суроолор пайда болушу мүмкүн. Өзүңүз жана бизнесиңиз боюнча да кыскача токтоло кетсеңиз…

Мен Америкага стипендия менен окууга өткөм. Ал жерде бакалаврды бүтүрүп, 5 жылдай IT компанияларда иштеп, тажрыйба топтогом. Мурдагы жылы Кыргызстанга келип, абанын булганганын, экологиянын өзгөргөнүн көрүп, анын таасири менин үй-бүлөмө да тиерин эске алып, Америкадагы жашоомду таштап, өз өлкөмө атайын максат менен келдим. Өлкөгө экологиялык жактан зыянсыз электромобилдерди алып келүү үчүн компания ачкам. Компанияга инвестиция салган да, негиздөөчүсү да — мен жана менин үй-бүлөм. Келечекте таза абада жашоо үчүн акырындан кадам таштап, аракет кылбасак болбойт. Бул тармак жакынкы убакта өнүгүп кетиши керек, өнүктүрбөсөк артта калабыз. Америкада 15 жыл жашап, Кыргызстанга келип, Spark компаниясын ачып иштей баштадык. Учурда компанияда Сымбат Маратбектен тышкары башка да ишкерлерибиз бар. Бизде жалгыз гана электомобиль эмес, аларды тейлөө, инфраструктураны түзүү боюнча ар бири өз тармагында иш алып барат.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!

Copyright © 2017 Maral FM