Биз менен байланышыңыз

Димаш мекендештерин казак тилинде сүйлөөгө жана эне тилин сыйлоого чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Дек 2021 | 649 | 0
Сүрөт: Sputnik Владислав Воднев

Казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайберген мекендештерин казак тилинде сүйлөөгө жана эне тилин сыйлоого чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жазган.

Ырчы Димаш Казакстандын калкы мамлекеттик тилде сабаттуу жана эркин сүйлөсө деп кыялданарын айткан.

«Казак тили бизден башка эч кимге керек эмес. Ооба, азыркы мезгилде бир канча тил билүү зарыл. Бирок өз эне тилин билбегендик — уят», – деп кошумчалаган.

Ошондой эле ал чет өлкөдөгү гастролдорунда казак тилинде ырдаганын эне тилге жана мекендештерине болгон сый-урмат экенин белгилеп өткөн.

«Биздин тилибиз өз жеринде таза жана кадыр-баркы жогору бойдон калышы керек. Биздин жаштарыбыз мына ушул маселенин үстүндө иштеши керек. Келгиле, казак тилин үйрөнүп баштаган мекендештерибизге көмөктөшөлү, катасын оңдоп, аларды колдоого алалы. Келгиле, эне тилибиз менен сыймыктаналы», – деп сөзүн жыйынтыктаган.

Ырчы Димаш Кудайберген өзү казак, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт жана ырдайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM