Биз менен байланышыңыз

Аскар Акаев УКМКда сурак берүүдө

Кыска кабар | 15 Дек 2021 | 632 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде сурак берип жатат. Бул тууралуу Акаевдин жакындары тастыкташты.

Аскар Акаев Кыргызстанга 14-декабрда келгени маалым болгон. Ал «Кумтөр» иши боюнча козголгон кылмыш ишинде тергөөгө көрсөтмө берери айтылган.

«Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында, мекемелер аралык тергөө тобу тарабынан өлкөнүн мурунку президенти Аскар Акаевге издөө жарыяланган.

Акаев мурдагы жогорку кызмат адамдары менен бирге 1992-жылы «Кумтөр» долбоору боюнча Башкы келишимди түзүүдө, 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда, ошондой эле 2003 -жылы «Камеко» компаниясы менен түзүлгөн Башкы келишимди реструктуризациялоо учурундагы коррупция боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Ошентип, тергөө Акаевдин президенттиги учурунда «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруу учурунда коррупцияга аралашкан бардык күнөөлүү адамдарга укуктук баа берген.

Ошол эле учурда УКМК Акаевди Кыргызстандын аймагына алып келип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иштерди жүргүзгөн.

Быйыл 2-август күнү Аскар Акаев Бишкек шаарына алып келинген.

Copyright © 2017 Maral FM