Парижде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жеке көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Париждин борборундагы 55 Bellechasse арт галереясында кыргызстандык эки сүрөтчү — Айып Алакунов менен Кыял Аккүчүкованын жеке көргөзмөсү ачылды.
Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияздын демилгеси менен уюштурулган көргөзмө 18-декабрь 19:00гө (Париж убактысы боюнча) чейин уланат.
Анда ар башка жылдарда тартылган живопись жана графика жанрындагы 32 эмгек коюлган.