Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров 80 студентке президенттик стипендия тапшырды

Кыска кабар | 14 Дек 2021 | 318 | 0

Сиздер Кыргызстандын келечегисиздер! Эртең эле өлкө тагдырын өз колуңуздарга аласыздар. Бул улуу милдет жана чоң жоопкерчилик. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-декабрда, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу аземинде билдирди.

Быйыл өлкөнүн бардык университеттеринен 80 студент президенттик стипендияга ээ болушту. Мамлекет башчысы жолугушууда аларды окуудагы жетишкендиктери менен куттуктап, талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Өлкөбүздүн алдыңкы жогорку окуу жайларында терең билим алып, башка жаштарга үлгү болуп, президенттик стипендияга татыктуу болгонуңуздар баарыбызды кубандырат. Сиздер Кыргызстандын эң мыкты студенттери экениңиздер талашсыз. Албетте, бул ийгиликке эмгекчилдигиңиздер, намыскөй эркиңиздер жана бийик атуулдук сезимиңиздер аркылуу жеттиңиздер деп эсептейм», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окутуунун мезгил талабына жооп бере турган жаңы программаларын иштеп чыгуу, ага ылайык адис-кадрларды даярдоо, мугалимдер менен окутуучулардын эмгек акыларын көтөрүү маселелерин чечүү боюнча иш-аракеттер күчөтүлүп жатканын белгиледи.

Мамлекет башчысы белгилегендей, убакыт канчалык ылдам өтүп жатса, билим берүү, илим да ошончолук тездик менен өсүүдө. Ошондуктан өлкөбүздөгү билим берүү тармагы заманбап техниканын жана технологиялардын коштоосу менен өөрчүп, коомду санариптештирүү жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM