Биз менен байланышыңыз

«Сапаттын» окуучулары эл аралык олимпиаданын чемпиондору болду

Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 835 | 1

«Сапат» билим берүү мекемесинин окуучуларынан турган 2 команда информатика боюнча XIII Евразия олимпиадасында командалык эсепте алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу аталган мектептен кабарлашты.

12-декабрь күнү Казакстандын Алматы шаарында информатика боюнча XIII Евразия олимпиадасы өткөн. Ага 3 окуучу жана 1 жетекчиден турган командалар катышкан. Тандап алуу онлайн туру 2021-жылдын 14-ноябрында аяктаган.

Командалар аккредитацияланган мугалимдин көзөмөлүндө таймашышты. Катышкандардын арасынан 44 команда 12  тапшырманын 4үнөн 10уна чейин аткарууга жетишти.

Быйылкы жылдын Олимпиадасынын жыйынтыктоочу турунда Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан  44 команда, 132 окуучу күч сынашты. Кыргызстандын атынан 3 команда катышты.

«Сапат» билим берүү мекемесинин окуучуларынан турган 2 команда финалга өтүп, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 10-классынын окуучусу Тенгиз Беккоёнов, Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу Айдар Мундузбаев, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 11-классынын окуучусу Данияр Бейшекеев алтын медалга татыктуу болушту.

Окуучулар 12 тапшырманын ичинен 8 тапшырманы чыгаруу менен олимпиаданын абсолюттук чемпиондору болушту.

1 пикир

1 пикир

  1. Алтынбек

    13.12.2021 21:23

    Азаматтар окууңарга ийгилик!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM