Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Дубай шаарына барды

Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 884 | 0

Бүгүн, 13-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «EXPO 2020» көргөзмөсүнүн алкагында Дубай шаарына барды.

Жапаровдун Бириккен Араб Эмиратына болгон иш сапарынын жүрүшүндө, эки тараптуу жолугушуулар уюштурулат. Ошондой эле «Dubai Smart City» жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү концепциясына негизделген технологиялык экошаардын долбоору саналган Абу-Даби шаарындагы «Masdar City» менен таанышат.

Мындан тышкары «Кыргызстан — Бириккен Араб Эмираты — 2021» туристтик роуд-шоу өтт. Бизнес-форум да уюштурулуп,  анын жүрүшүндө эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлмөкчү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM