Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Чыңгыз-Ордо» комплексинен акча жасагандар кармалды

Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 1114 | 0

Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

УКМК билдиргендей, Талас облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери Кара-Буура районунун Шекер айылындагы «Чыңгыз-Ордо» тарыхый-маданий комплексин курууда аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалашканы аныкталды.

2018-жылы «Чыңгыз-Ордо» тарыхый-маданий комплексин куруу боюнча тендердин жыйынтыгында жеңүүчү деп табылган «Бийиктик Инвест» ЖЧКсы менен 62 млн 73 миң сомго келишим түзүлгөн.

Объекттин курулушу башталгандан ушул күнгө чейин иш аткаруучу тарабынан 34 миллион сом жумшалып, жасалган жумуштун көлөмү тиешелүү тартипте актыларды түзүү менен эч кандай эскертүүсүз кабыл алынган. Бирок иштердин айрым көлөмү 6 млн 179 миң 952 сомго ашыкча бааланганы аныкталды.

Мындан тышкары Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин адисинин катышуусунда, аткаруучу тарабынан белгиленген көлөмдөгү иштерди сапатсыз аткаруу жана ал ишти буйрутмачы кабыл алган факты аныкталып документтештирилди. Бул кайра ашыкча иш аткарууну жана кошумча каражаттардын чыгымын талап кылат.

Бул фактыларга байланыштуу 2021-жылдын 10-декабрында Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, азыркы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин башкы адиси Н.У.А. жана «Бийиктик Инвест» ЖЧК подряддык уюмунун директору С.К.А. кылмышка шектүү катары кармалды.

Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына эки айлык мөөнөткө киргизилди.

Азыркы учурда УКМК тарабынан жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM