Эртең, 11-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети тарабынан уюштурулган «Илимдүүнү ийгилик издейт» аттуу китеп окуу конкурсу өтөт. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.
Конкурс 3 китептин негизинде өткөрүлөт — «Ыйман бутактары», «Өчпөс өмүр», «Бакыт ордосу».
Сынак ушул жылдын март айында жарыяланган. Ал өлкөнүн бардык аймактарында Муфтияттын медресе-имараттарында жана окуу борборлорунда болот.
Баш байге эки бөлмөлүү батир жана башка сыйлыктар да бар.
Конкурс өтүлүүчү аймактардын дареги:
Катышуучу конкурс күнүнө чейин жогоруда көрсөтүлгөн даректерге байланышып, катыша турган жерин тактап алуусу керек.