Биз менен байланышыңыз

Жоодар Омошев: «Жашыл экономика» натыйжасын көптө барып берет (видео)

Блог , Маек | 10 Дек 2021 | 5617 | 0

Бишкекте «Жашыл экономика-2021» форуму жана көргөзмөсү өтүүдө. Ага жашыл технологияларды жана кызматтарды жеткирген компаниялардын, жашыл экономика багытында иштеген каржы институттарынын, каржылык өндүрүмдөрдү сунуштаган өнүгүү институттарынын өкүлдөрү катышып жатат. Жашыл экономиканын Кыргызстандагы орду жана жасалып жаткан иштер, ишкерлердин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошев менен маек курдук.

—  «Жашыл экономикага» өтүүнүн мааниси жана максаты кандай?

— «Жашыл экономика» — аргасыз боло турган жумуш, буга сөзсүз өтүшүбүз керек. Себеби бул экономикада, өндүрүштө басымдуу роль алып жаткан мүмкүнчүлүктөрдүн кызыкчылыгы эмес, жалпы кыргыз элинин, жалпы дүйнөнүн, жалпы адамзаттын ден соолугун ойлоп, табияттын балансын да кармоо керек. Ушул максатта азыр «жашыл экономика» темасы байма-бай көтөрүлүп жатат. Анткени ушул темп менен бара турган болсок, көнүп калган адат менен иш алып барсак, дүйнөнү, жаратылышыбызды тез эле бузуп алуу ыктымалыбыз бар. Ошондуктан азыр «жашыл экономика» актуалдуу болуп жатат. «Жашыл экономика» биринчи кыска мөөнөттө чоң каражатты талап кылышы мүмкүн, бирок узак мөөнөттө ал сөзсүз түрдө жакшы натыйжаларын берет. Ошондой эле адамдардын күнүмдүк жашоосуна аябай ыңгайлуу жана инструменттерди колдонуп арзан баада сунуш кыла алат деген ишеничтебиз. Эми бул сөзсүз түрдө узак мөөнөттө боло турган жумуш. Бирок биз даярдыгыбызды, пландарыбызды, стратегиябызды азыртадан башташыбыз керек. Биздин өлкөнүн да бул боюнча жалпы план-стратегиясы жазылган. Буйруса, биз да ага көмөк көрсөтүшүбүз керек. Себеби, коомдук уюмдар бул темага жардам бербесе, жалгыз гана Өкмөттүн буга алы жетпейт.

  Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан «Жашыл экономика-2021» форуму жана көргөзмөсү бул багытка кандай салым кошот?

—  Кыргызстанда бул азырынча теория катары гана келип жатат, бирок биз муну практикага айландырышыбыз керек. Кыска мөөнөттө азыр кээ бир мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн, себеби жаңы инновациялык технологиялар келип жатат. «Буга салык алынабы-алынбайбы, мамлекеттен кээ бир жеңилдиктер болобу-болбойбу?» деген маселелер болуп жатат. Мисал катары ала турган болсок, электромобилдерге азыр салык алынбайт, бирок салык алынып калышы мүмкүн деген сөздөр болуп жатат. Мен муну туура эмес деп ойлойм. Электромобилдер жок деле жашообуз уланып келе жаткан, алар кирсе, салык алынбай деле турса болот.

— Негизи эле Кыргызстанда жашыл экономикага ишкерлердин кызыгуусу кандай, бул тармакта иш алып барган ишкерлер барбы?

— Ишкерлердин табияты ушул жерде жатат. Алар жаңы, инновациялык, атаандашы жок бир тармакка киргенге аракет кылышат. Азырынча бул тармакта атаандаштар аз эле. Эми бул Күндөн же суудан ала турган кандайдыр бир технология болушу мүмкүн, буларга сөзсүз көңүл буруу керек. Менимче, бул тармакта да атаандаштык күчтүү болсо, товардын сапаты жогорулап, баасы арзан болот.

—  Кыргызстанда жашыл экономиканы ишке ашырууга кызыккан ишкерлерге кандай жеңилдиктер каралган?

— Азырынча жалпы чет өлкөдөн келип жаткан жабдууларга берилген жеңилдиктер бар. Мисалы, аны алып келип, өндүрүштө колдоном десеңиз, кошумча нарк салыгы алынбайт. Ушул контекстте гана каралып жатат. Бирок менимче, Өкмөт бул багытта план жана стратегиясын белгилеп, башка да жеңилдиктерди бериши мүмкүн. Биз ушуну талап кылат элек.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!

Copyright © 2017 Maral FM