Биз менен байланышыңыз

Бактыбек Кудайбергенов Улутстаткомго төрага болду

Кыска кабар | 9 Дек 2021 | 596 | 0

Бактыбек Кудайбергенов Улуттук статистика комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.

Президент Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгына ылайык, Самат Насирдинов Улуттук статистика комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Кудайбергенов Ысык-Ата районунун акими, Чүй облусунун жетекчиси, Улуттук статистика комитетинин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы кызматтарын аркалаган.

2021-жылдын февраль айында Балбак Түлөбаев өз арызы менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан кеткенден кийин ордуна Бактыбек Кудайбергенов дайындалган. Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик жетекчилерди ротациялоо жарлыгынын негизинде борбор калаанын башчылыгына Таалайбек Сарыбашов келип, Кудайбергенов 2-августта президенттин иш башкаруучусу кызматына которулган.

Булардан тышкары бир канча жылдан бери Ысык-Атадагы бокс федерациясын жетектеп келет.

Copyright © 2017 Maral FM