Биз менен байланышыңыз

Экологиялык туризмди өнүктүрүү боюнча сунуштар

Блог | 9 Дек 2021 | 1115 | 0

Экологиялык туризмди илгерилетүү үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Эксперттик талдоо жана пландаштыруу;
  • Экотуризмдин материалдык базасын өнүктүрүү жана шарттарын даярдоо;
  • Жергиликтүү тургундар менен иштөө;
  • Маркетинг;
  • Экотуризмди өнүктүрүүнү кадрдык камсыздоо;
  • Экотуристтик иш-чараларды уюштуруу жана башкаруу.

Келгиле, бул пункттардын кээ бирлерин карап көрөлү.

Эксперттик талдоо жана пландаштыруу

  • Табигый жана маданий мурастын азыркы жана келечектеги абалына баа берүү;
  • Таанып билүү туризмине ылайыктуу жайларды каттоого алуу: флора жана фаунанын түрлөрү; археологиялык, тарыхый, маданий, геологиялык жана башка ажайып жайлар; байкоо жүргүзүү, атайын багыт менен саякат жасоо мүмкүнчүлүктөрүн баалоо.

Туруктуу туризмди уюштуруу үчүн максаттуу келүүчүлөрдү аныктоо жана туристтик продуктуларга суроо-талапты талдоо маанилүү: бул мындай продуктуларды натыйжалуу жарнамалоого жардам берет.

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында (ӨКЖА) туризмди пландаштыруу төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Коруктардагы экотуризм инфраструктурасын жакшыртуу боюнча сунуштарды жана пландарды иштеп чыгуу
  • Ар бир аймак үчүн экотуризмди өнүктүрүүнүн стратегияларын жана менеджменттик пландарын иштеп чыгуу (максаты: жаратылыш комплекстеринин коопсуздугун жана экотуризмдин программаларынын экономикалык натыйжасын камсыз кылуу)
  • Өзгөчө корголуучу табиятка баруу үчүн акы алуунун аймактык системасын өнүктүрүү (жергиликтүү тургундардын, Кыргызстандын жарандарынын жана чет өлкөлүк коноктордун кирүү акысын ажыратуу талап кылынат)

Андан кийин аймактагы экотуризмди өнүктүрүүнүн стратегиялык узак мөөнөттүү программасын иштеп чыгуу жана бул программаларды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн аймактык пландарына бириктирүү маанилүү.

Таанып билүү туризминин материалдык базасын өнүктүрүү жана шарттарын даярдоо

 Маршруттарды жана жалгыз аяк жолдорду даярдоо

Туристтик продуктуну жаратуу жана аны улуттук жана эл аралык рынокто илгерилетүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:

  • Ар кандай категориядагы келүүчүлөр үчүн атайын маршруттарды жана программаларды иштеп чыгуу;
  • Лекциялар жана экскурсиялар үчүн маалымат чогултуу;
  • Экологиялык жалгыз аяк жолдорду жана маршруттарды эскертүүлөр жана маалымат такталары менен жабдуу.

Туризм экологиялык, «жашыл» жана туруктуу болушу үчүн төмөнкүлөр маанилүү:

  • Жалгыз аяк жолдорго жана маршруттарга максималдуу жол берилген жүктөмдөрдү баалоо;
  • Жаратылыш комплекстерине жана объекттерине зыян келтирүүнү болтурбоо үчүн өзгөчө корголуучу аймактарда келүүчүлөрдүн жүрүм-турумун жөнгө салуучу эрежелерди иштеп чыгуу;
  • Токтоочу пункттарды уюштуруу;
  • Жапайы жаныбарларга байкоо жүргүзүү үчүн мүмкүн болушунча азыраак тынчын алгыдай кылып байкоо секилеринин жана баш калкалоочу жайлардын системасын уюштуруу;

Туристтердин жаратылышка тийгизген таасири түз жана кыйыр болушу мүмкүн. Кыйыр таасирди азайтуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:

  • Инфраструктура объектилерин тиричилик калдыктарын натыйжалуу чыгаруу жана сууну тазалоо үчүн техникалык каражаттар менен камсыз кылуу;
  • Альтернативдүү энергия булактарын киргизүү;
  • Жаратылыш музейлерин жана туристтик маалымат борборлорун түзүү жана модернизациялоо, айрыкча ӨКЖАга баруу пландаштырылган учурда;
  • Экотуризмдин маанилүү жерлеринин жанында «экологиялык чакан мейманканаларды» куруу;
  • Конокторду жеткирүү үчүн логистика менен камсыз кылуу;
  • Жергиликтүү жумушчу күчүн жана продукцияны максималдуу пайдалануу.

Жергиликтүү тургундар менен иштөө

Жергиликтүү тургундарды тартуу заманбап дүйнөдө экотуризмди өнүктүрүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Бул жерде эң маанилүү кадамдар:

  • Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу экологиялык туризмди өнүктүрүү боюнча программалар жана пландар тууралуу жергиликтүү тургундарга маалымат берүү;
  • Негизги корголуучу аймактардын айланасындагы калктуу конуштардын тургундары менен сурамжылоолорду, маектерди жана талкууларды өткөрүү (жергиликтүү тургундардын канчалык деңгээлде экотуризм иш-чараларына катышууну кааларын жана алардын ролун кандай көрөрүн түшүнүү үчүн);
  • Турак жай, транспорт, гид жана коштоочунун кызматтарын, сувенирлерди, тамак-аштарды ж.б. берүүгө даяр болгон экотуризмди өнүктүрүүнүн потенциалдуу катышуучуларынын тизмелерин түзүү
  • Жергиликтүү тургундардын экотуризмге катышуусунун оптималдуу формаларын аныктоо.

Мындан тышкары, бул жерде жергиликтүү тургундарды окутуу чоң роль ойнойт. Окутуу туристтерди жайгаштыруу жана тейлөө стандарттарына, гиддердин-коштоочулардын жана «жаратылыш котормочуларынын» ишине, меймандостук индустриясына, жаратылыш комплекстерин сактоо менен жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүнүн ортосундагы байланышка, туризмди коштоочу чакан бизнести ишке ашырууга арналууга тийиш.

Эгерде киргизилген экотуристтик пакет сувенирдик кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө жана сувенирдик продукцияны рынокто өткөрүүгө өбөлгө түзсө, анда бул дагы белгилүү бир аймакта да, бүтүндөй региондо да туруктуу туризмди өнүктүрүүнүн маанилүү натыйжасы катары белгиленет.

Маркетинг

Кандайдыр бир туризмдин өнүгүшүн маркетингдик колдоосуз уюштуруу мүмкүн эмес. Бул жерде маанилүү ролду келүүчүлөр үчүн жарнама-маалыматтык продукцияны басып чыгаруу ойнойт, алар төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Аймактардын табияты, өзгөчө корголуучу жайлары, флора жана фауна, таанып билүү туризминин мүмкүн болгон багыттары жана программалары боюнча иллюстрацияланган брошюралар;
  • Тандалган негизги аймактар ​​боюнча брошюралар жана жалгыз аяк жолдор менен маршруттар боюнча жол көрсөткүчтөр;
  • Мейманканаларда, турбазаларда, эс алуу үйлөрүндө, аба линияларында жайылтуу үчүн жарнамалык баракчалар;
  • Жарнама-маалыматтык видеофильмдер.

Жаратылыш же туризмге арналган алдыңкы чет өлкөлүк жана адистештирилген журналдарда жана гезиттерде экотуризмдин объектилери жөнүндө макалаларды жайгаштыруу жакшы натыйжа берет. Ошондой эле экологиялык туризмге арналган эл аралык көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышуу маанилүү.

Албетте, бул экологиялык туризмди өнүктүрүүдө эске алынышы керек болгон нерселердин толук тизмеси эмес. Ошондой эле, кадрдык  камсыздоо, туристтик иш-чараларды уюштуруу жана башкаруу жана туризмдин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине жыл сайын мониторинг жүргүзүү да маанилүү.

Жогоруда айтылган бардык сунуштар экологиялык, туруктуу туризмди уюштурууга жана  айлана-чөйрөбүздү сактоого жардам берет.

Бул материал GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жашыл экономика жана Кыргыз Республикасында жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» кыргыз-герман-швейцариялык программасынын алкагында даярдалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM