Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы жарандардын 36%ы гана өз укугун билет

Коом | 10 Дек 2021 | 645 | 0

10-декабрь — Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү. Буга байланыштуу укук коргоочулар, бийлик өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү адам укуктары боюнча билим берүүнү жакшыртуу маселесин талкуулашты. Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, өлкөдө элдин 60%ы сот органдарынын чечимдерине нааразы.

Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча Кыргызстан туура жолдо баратат, бирок жасала турган иштер көп. Мындай пикирин акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, адам укугу ар кандай кырдаалда бузулат. Бирок укук кандай учурда бузуларын баары эле билбейт. Мамлекеттик органдар менен жарандын ортосундагы мамиледен укук бузуулар келип чыгат. Ошол эле учурда мурдагы жылдарга салыштырмалуу жакшы жакка өзгөрүү бар.

«Эгер эки коңшу чырлаша кетсе, бул жерде адам укугу бузулду деп эсептелбейт. Эки жаран урушуп, милицияга кайрылганда, алар чара көрбөсө, ошол жерде укук бузулат. Бизге кайрылгандардын 60%ынан сотко жана укук коргоо органдарына арыз түшөт. 11 айдын жыйынтыгы боюнча, бизге кайрылгандардын 40%ы сотко катышып берүүбүздү өтүнгөн. Анткени алар сот органдарынын ишинен күмөн санайт. Биз жарандардын укуктук сабатын арттыруу үчүн атайын түшүндүрүү иштерин, окутууларды жүргүзүп жатабыз». 

Акыйкатчы институтунун аппарат башчысы Аскат Азарбеков Кыргызстанда укуктук сабат төмөн экенин белгилейт. Алар жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 36%ы гана өз укугун билери маалым болгон.

«Кыргызстанда адам укуктары боюнча индекстин негизинде анализ кылганбыз. Сурамжылоого катышкан 3 миңден ашуун адамдын 40 пайызы укук бузууга дуушар болушкан: биринчиси, сот тарабынан укуктардын бузулушу; экинчиси, укук коргоо органдарына болгон нааразычылык. Айрыкча, социалдык көйгөйлөр көп болот. Айталы, бир эле жерди эки адамга берип койгон учурлар болгон. Андан сырткары медицина жана билим берүү тармагындагы укук бузуу учурлары катталган. «Жаңы мыйзам кабыл алалы» деп жатабыз. Ар бир тармакка көңүл буруу каралууда. Мамлекет ар бир жарандын укугун коргоого, камсыздоого милдеттүү». 

Адам укугунун бузулушу тууралуу сөз болгондо аялдардын жана балдардын укуктарынын тебелениши басымдуулук кылат. Мындай жагдай өзгөчө пандемия учурунда байкалды. 2020-2021-жылдын жыйынтыгы боюнча үй-бүлөлүк зомбулук 62%га жеткен. Буга миграциядан көптөгөн мектендештердин кайтып келиши, жумушсуздук күч алганы, укуктук сабаттын төмөндүгү себеп болгонун «Бир дүйнө Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова айтты.

«Анткени көйгөйдүн баары жумушсуздуктан чыгып жатпайбы. Өзгөчө аялдар зомбулукка душар болууда. Кыргызстанда «чоң муштум» күйөөдөн аялды коргогон мыйзам мындан жети жыл мурда кабыл алынган, бирок аткарылышы начар. Аялдарга карата жалпы коомдук мамиле оңолбогондуктан да, аларды коргоо көп учурда дээрлик мүмкүн эмес». 

Расмий маалыматтар боюнча, 2021-жылы 9 миң 25 үй-бүлөлүк зомбулук катталып, анын 947си гана сотто каралган. Бул былтыркыга караганда 30%га көп. Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 90%дан ашыгы сотко жетпей түрдүү себептер менен кыскарып кетет.

Copyright © 2017 Maral FM