Биз менен байланышыңыз

Орусиялык миллиардер Монакодо кармалды

Дүйнө | 7 Ноя 2018 | 781 | 0

Франциялык белгилүү “Монако” футболдук клубунун ээси орусиялык миллиардер Дмитрий Рыболовлев Францияда кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Коррупцияга шектелип кармалган ишкерди убактылуу кармоочу жайга алып кеткен коопсуздук түзүмү анын үй-жайын тинтүүгө алышкан.

Рыболовлев швейцариялык арт-дилер Ива Бувьеден кымбат баалуу сүрөттөрдү сатып алып турган. 2015-жылы Бувьени ал сатып алган сүрөттөрдүн баасын негизсиз кымбаттатып салып, 1 миллиард долларлык зыянга учуратты деген жүйө менен сотко берген. Бирок өзү аталган соттун журүшүнө кийлигишип, сотко таасир этүү үчүн акча сунуштап жатат деп  айыпталып жатат. Териштирүү иштери Монако соту тарабынан жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM