Биз менен байланышыңыз

Дээрлик 10 күн калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт

Кыска кабар | 6 Дек 2021 | 574 | 0

Бүгүн, 6-декабрдан баштап 15-декабрга чейин калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн декадасы өткөрүлөт. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Декаданы өткөрүүнүн негизги максаты калкка укуктук жардам көрсөтүү, калктын аялуу тобунун укуктук корголуусунун деңгээлин жогорулатуу, калкты укуктук агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Декада ошондой эле жыл сайын 10-декабрда белгиленүүчү адам укуктарынын эл аралык күнүнө арналган.

Акысыз консультациялык-укуктук жардамды мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын координаторлору жана адвокаттары, юстиция органдарынын кызматкерлери, аймактык юстиция башкармалыктарынын алдындагы калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча борборлордун кызматкерлери, мамлекеттик нотариустар көрсөтүшөт.

Мындан тышкары декадада социалдык, үй-бүлөлүк жана башка маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышат.

Copyright © 2017 Maral FM