Биз менен байланышыңыз

Адам укуктары боюнча бир айлык жарыяланды

Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 914 | 0

Адам укуктары боюнча 10-ноябрдан 10-декабрга чейин бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Ага байланыштуу Акыйкатчы институту бир катар жарыштарды уюштурган. Мектеп окуучуларына, жогорку окуу жайдын студенттерине дилбаян жазуу боюнча, ал эми башталгыч класстагы окуучуларга сүрөт тартуу боюнча жарыш болот.

Жыйынтыгы 10-декабрда чыгарылып, жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар ыйгарылат. Ошондой эле бул бир айлыктын аралыгында жигердүүлүк көрсөтүп катышкан мекемелерге, маалымат каражаттарына да сыйлык тапшырылат.

Белгилей кетсек, иш-чара Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын 70 жылдыгына карата өткөрүлүп жатат.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM