Биз менен байланышыңыз

«Эрдоган-араптардын коопсуздугу үчүн эң чоң коркунуч»

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2019 | 944 | 0

Египеттин белгилүү журналы Аль Ахрам аль Араби өзүнүн акыркы чыгарылышын түрк президенти Режеп Тайип Эрдоганга арнады.

Басылмада жарыяланган бир катар макала жана иликтөөлөр Эрдогандын Ислам дүйнөсү, Жакынкы Чыгыштагы орду жана Израиль менен болгон мамилесин талдашкан.

Адегенде эле журналдын сырткы бетинде Эрдогандын карикатурасы басылды.

Башкы редактор Жамал аль-Кашк «Эрдогандын чатышуулары» деген макаласын жазып, Доктор Айман Самир «Израиль күчтөрүнүн башкы өнөктөшү» аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда Эрдоган Израилге каршы сүйлөп жаткандай түр көрсөткөнү менен алардын стратегиялык өнөктөшү экенин айткан.

Ал эми генерал Мухаммед Абдулмаксут «Түркия-Израиль кызматташтыгы арап жарым аралынын коопсуздугу үчүн эң чоң коркунуч» макаласын жарыялаган.

Ошондой эле басылмада «Халифалык галлюцинациясы» аттуу макаласы жазган Абдуллах Хасан Эрдогандын Жакынкы Чыгыштагы саясий исламдык көз караштагы күчтөрдүн аркасында халифалык орнотуу кыялдары «Арап жазы» төңкөрүштөрү менен талкаланганын ачыктады.

Аналитик Мухаммед Иса болсо «Түркия: уурдалган укуктардын өлкөсү» деген аталыштагы жазуусунда Эрдоган режими өз саясатына тоскоол боло турган тараптарды жок кылуу үчүн жалданма сотторду дайындап, журналист, аскер башчы жана академиктерди камаганын белгиледи.

Мындан сырткары Ихаб Самранын «Каракчы өкмөт. Баскынчы экономика» деген макаласында Эрдоган 2016-жылы жасалма төңкөрүш аракетинин артынан киргизилген өзгөчө кырдаалда жүздөгөн дараметтүү ишкерлердин ири суммадагы мал-мүлкүн өз кызыкчылыгын коргой турган жандаш күчтөргө өткөрүп берип, аны мусулман мамлекеттеринде таасирин арттыруу үчүн колдонуп жатканын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM