Биз менен байланышыңыз

А.Шыкмаматов: Сот реформасын ишке ашыруучу механизм-бул мыйзамдар

Күн чекит | 19 Окт 2018 | 1455 | 0

Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы сот-укуктук реформаларды ишке ашыруу тууралуу жыйналыш өткөргөн. Анда, өлкөдөгү реформаны ишке ашырууда мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилиги, кемчиликтер жана алдыдагы кадамдар тууралуу айтты. Мына ушул маселенин жүрүшү боюнча биз ЖК депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитеттин мүчөсү Шыкмаматов Алмамбет Насырканович менен маек курабыз.

Саламатсызбы, Алмамбет мырза! Кечээ күнү президент Сооронбай Жээнбеков сот-укуктук реформаларды ишке ашыруу боюнча кеңешменин жыйынындагы сөзүндө кээ бир мамлекеттик түзүмдөр реформанын ишке ашуусунан күмөн санай турганын билдирди. Айтсаңыз, президент демилгелеп жаткан сот-укуктук реформаны ишке ашыруунун механизми барбы бизде?

Механизм бар, албетте. Сотторду реформалоо мыйзам менен гана болушу керек. Мыйзамдан өткөн механизм болбойт. Бирок, кептин бары ошол мыйзамдардын аткарылып, иш жүзүнө ашуусунда. Мисалы, учурда коомчулуктун сот системасына ишеним көрсөтпөй жатканынын негизги себеби дал ушул жерде. Соттор мыйзам талап кылгандай эмес, өздөрүнүн же кандайдыр бир күчтөрдүн кызыкчылыгына жараша гана иш алып барып жатышат. Соттор өздөрү муну кабыл албай, чычалап жатышпайбы. Бирок, бул жагдайды президент туура баамдап, сот реформасына өзү киришкени абдан туура кадам деп ойлойм. Анткени сот реформасы болгон жерде мыйзамдуулук орнойт. Мыйзамдуулук орногон жерде темирдей тартип болот. Ал эми темирдей тартип болсо экономика өсүп, кылмыштуулук азайып, эл бакубат жашоого жетишет.

-Мыйзам демекчи, 2 айдан кийин жаңы кодекстер ишке киришет. Аталган кодекстер дароо ишке ашып кете алабы? Кандайдыр бир тоскоолдук, кыйынчылыктар болбойбу?

-Бул маселе абдан талкууланып жаткан чагы. 2019-жылдын 1-январынан тарта 5 кодекс күчүнө кирет. Мен практик юрист катары айтып коеюн: бул кодекстер ишке киргенде бизде бир топ ыңгайсыздыктар, кыйынчылыктар болот. Бирок, буга карабай иштетишибиз керек. Эгер даяр эмеспиз, дагы жылдыралы, кадрларды окутуп даярдайлы деп отура берсек дагы бир кылым даяр боло албайбыз. Ошондуктан, кечиктирбестен баштап, саботаж кылбастан ишке ашырууга аракет кылуубуз керек. Андан кийин практика жүзүндө көрүнөт кайсы жерин оңдошубуз керек экени. Мыйзам-бул тирүү организм. Кемчиликтери болуп турат, аларды жоюп туруу керек. Мүчүлүштүк болбойт дегени-жомок. Кынтыксыз эч нерсе иштебейт! Бирок биз түздөп, көзөмөлдөп туруубуз зарыл. Бардык өнүккөн мамлекеттер ушундай этаптан өткөн. Биз да коркпой өтүүбүз керек.

-Аталган кодекстер боюнча, Кыргызстанда биринчи жолу Бирдиктүү реестерди түзүү, пробация системасын киргизүү сыяктуу жаңы ыкмалар тууралуу сөз болууда. Мунун мааниси кандай жана биз бул жаңы ыкмаларга даярбызбы?

-Бул жаңы кодекстерде гумандуулук принциби иштейт дегенди билдирет. Тактап айтканда, тоок уурдаган, телефон уурдаган кишилер аесуз түрдө жазаланбайт, аларды мамлекет башкача жолдор менен тарбиялайт.  Тескерисинче, миллиондорду уурдап, мамлекетке зыян алып келгендер жазаланат. А буга чейин кандай эле? Эл айтып жүрбөйбү: “Тоок уурдаган камалып, миллиондорду уурдагандар эркиндикте жүрөт”, деп. Дал ушул абалды жөнгө салууга багытталган система болуп саналат. Муну азыр карапайым калк билбейт. Бирок, биз мунун барын ишке киргизип, элдин ишенимин бекемдеп, барын жолго салып кетебиз деп ишенем.

-Президент сот-укуктук реформалардын ишке ашуусунда тиешелүү мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилиги тууралуу да эске салды. Чынында эле алар бул жоопкерчилигин сезип, ишти улап кете алышабы?

Мамлекеттеги мыйзамды иш жүзүнө ашырган-бул адамдар болот. Тиешелүү кадрлар канчалык жоопкерчиликтүү, өз ишинин адиси болсо реформаны ошончолук алга жылдырып, алып кетет. Тескерисинде ишин билбеген кызматкерлер жер-жерлерде толуп кеткендиктен биз жакшы мыйзамдарды да иштете албайбыз. Немец ойчулу айткандай, жакшы мыйзам менен жаман чиновник бар болсо алдыга жылуу болбойт. Ал эми жакшы чиновник жана жаман мыйзам болсо деле ийгиликтер жаралат. Ошол сыяктуу эле, мыйзамдарыбыз дүйнөлүк стандартка жооп берген, заманбап болуп туруп, чиновниктер муну билбесе ал мыйзамдардын быт-чытын чыгарып салат.

Copyright © 2017 Maral FM