Биз менен байланышыңыз

Добуштарды кол менен саноо толук бир жумага созулду

Кыска кабар | 5 Дек 2021 | 3271 | 0

Бүгүн, 5-декабрь саат 11:30га карата Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча өткөн шайлоодо бюллетендердин 99.96%ы кол менен саналып бүтүү. Жалпы 2493 шайлоо тилкесинин протоколдорунун маалыматы каралган. Учурда бир гана шайлоо участогу калууда.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо биринчи жолу аралаш система менен өттү. Бул ыкма жаңы киргизилип жаткандыктан добуштарды кол менен саноо көбүрөөк убакытты талап кылууда. Тактап айтканда добуштарды кол менен эсептөөгө толук бир жума талап кылынды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бюллетендер кол менен саналып бүткөнүн, серверге киргизилип жатканын кабарлаган.

Бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия катышкан. Добуштардын 99 пайызын кол менен саноонун жыйынтыгында төмөнкү партиялар беш пайыздык босогодон өттү:

«Ата-Журт Кыргызстан» — 17,31 %,

«Ишеним» — 13,63%,

«Ынтымак» — 11%,

«Альянс» — 8,33%,

«Бүтүн Кыргызстан»— 7,003%,

«Ыйман Нуру» — 6,15% добуш алып, беш пайыздык босого чектен өтүштү.

28-ноябрда парламенттик шайлоо аяктап, жыйынтыктар санала баштаганда БШКнын автоматташтырылган системасы 40 мүнөткө иштебей калган. Кайра ишке киргенде добуштардын көрсөткүчү өзгөрүп кеткен. Бул шайлоого катышкан партиялар арасында жана коомчулукта күмөн ойлорду пайда кылган. Ошондой эле алдын ала жыйынтыкка нааразы болгон партиялар БШКнын алдына шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып эки жолу митингге чыгышкан.

УКМК серверде кеткен мүчүлүштүккө байланыштуу териштирүү ишин жүргүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM