Биз менен байланышыңыз

Куткаруучулар Көл-Төр көлүнөн кореялык туристтин сөөгүн түшүрүштү

Кыска кабар | 5 Дек 2021 | 473 | 0

Чүй районундагы Кегети капчыгайында жайгашкан бийик тоолуу Көл-Төр көлүнө чыккан Түштүк Кореянын жараны каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучуларга 4-декабрь саат 13:22лер чамасында 70 жаштагы кореялык турист белгисиз себептерден улам эс-учун жоготуп койгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, сөөктү түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM