Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Соңку суткада Бишкекте 2 бейтап каза болду

Кыска кабар | 4 Дек 2021 | 226 | 0

Бүгүн, 4-декабрга карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын 63 жаңы учуру аныкталды. Пандемия башталгандан бери 183 миң 573 адамга коронавирус жукту.

Соңку сутка ичинде Бишкек шаарында 2 адам каза болду. Жалпы өлүм учурлары 2757ге жетти.

Республика боюнча акыркы суткада 72 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Жалпысынан 178 миң 550 бейтап коронавирустан айыкты.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, акыркы суткада коронавируска каршы 9 миң 887 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 5006 адам биринчи дозаны, 4881и экинчи дозаны алды.

Вакцинанын биринчи дозасын алгандардын жалпы саны 1 млн 132 миң 623 адам, экинчи дозаны да алгандар 912 483 киши.

Кыргызстанда эмдөө быйыл 29-мартта башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM