Биз менен байланышыңыз

Бюллетендердин 99,88% маалыматтык серверге киргизилди

Кыска кабар | 4 Дек 2021 | 2684 | 0

Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча өткөн шайлоодо бюллетендердин 99,88% маалыматтык серверге киргизилип бүттү.

Жалпы 2494 шайлоо тилкеси болсо, анын 2491инен протоколдор түштү.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бюллетендер кол менен саналып бүткөнүн, серверге киргизилип жатканын кабарлаган.

Бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия катышкан. Добуштардын 99 пайызын кол менен саноонун жыйынтыгында төмөнкү партиялар беш пайыздык босогодон өттү:

«Ата-Журт Кыргызстан» — 17,25%,

«Ишеним» — 13,57%,

«Ынтымак» — 10,90%,

«Альянс» — 8,29%,

«Бүтүн Кыргызстан»— 7,01%,

«Ыйман Нуру» — 6,11% добуш алып, беш пайыздык босого чектен өтүштү.

 

28-ноябрда парламенттик шайлоо аяктап, жыйынтыктар санала баштаганда БШКнын автоматташтырылган системасы бир канча убакытка иштебей калган. Кайра ишке киргенде добуштардын көрсөткүчү өзгөрүп кеткен. Бул шайлоого катышкан партиялар арасында жана коомчулукта күмөн ойлорду пайда кылган.

УКМК буга байланыштуу териштирүү ишин жүргүзүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM