Биз менен байланышыңыз

Текебаевге кол салгандардын элдешүү аракети

Саясат | 3 Дек 2021 | 1118 | 0

«Ата Мекен» партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салууга шектелип жаткандар кечирим сурашты. Саясатчы Өмүрбек Текебаев аны сабагандарга дооматы жоктугун, балдарды кечирерин айтып, бирок уюштуруучулар ким экени элге ачыкталышы керек экенин эскертти. Ошол эле учурда президент Садыр Жапаров Текебаевди сабап кетишкендер карапайым эле балдар болуп чыкканын айтты. Ал эми УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Текебаевге кол салуу болбогонун, ал бирөө менен урушуп кетип, каршылашы чаап жибергенин айткан. Темага алдыда кененирээе токтолобуз.

«Ата Мекен» партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салууга шектелип жаткандар аксакалдар менен келип, кечирим сурашты.

Алардын бири Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев Текебаевге кол салуу үчүн атайын чогулушпаганын, 1-декабрда өлкөдө тынчтыкты талап кылган акцияга келип, капыстан саясатчы менен чыр чыгып кеткенин айтты. Ошондой эле ал Токмоктон үч кичи маршруттук такси жана жеңил унаалар менен келишкенин, автобустар милиция кызматкерлерине таандык экенин билдирди.

«Биз өкмөт үйүнүн алдында эле турганбыз. Аны өзүңөр деле көрдүңөр. Биз сизди сабайлы деп келген эмеспиз. Болгону ортодо кызыкдар адамдар бизди кагыштырып жатат. Сабайлы деп келген кишилер башкача болмок. Ортодо чагым болуп кетти. Негизи биз өкмөт үйүнүн алдында жарым саат, бир саат турдук».

1-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Бишкектеги Park Hotel мейманканасынын тамактануучу жайында кол салуу болгон. Саясатчыга 70тей адам келип, кол салганы айтылган. Ички иштер органдары окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Саясатчы Өмүрбек Текебаев аны сабагандарга дооматы жоктугун, балдарды кечирерин айтып, бирок уюштуруучулар ким экени элге ачыкталышы керек экенин эскертти. Бул боюнча ИИМге кайрыларын жашырбады.

«Бирок эми мына президент Садыр Жапаров силер жөнүндө айтып жатат. Силер эмес, мен эмес. «Текебаевди сабап, телефонун алып кетишкендер жөнөкөй эле карапайым балдар болуп чыкты. Көп өтпөй муштаган бала кармалды. Камакка алынды. Текебаевдин телефону кайтарылды. Жөн гана Текебаевге жинибиз келип, «сен тажаттың» деп митингден кубалаганы келген элек» деп көрсөтмө берип жатышат», — деп президент айтып жатат. Силер акыл-эсиңер жайында туруп, шаардык кеңештин жөнөкөй балдары эмессиңер, Кайрат, Айбек деген депутат жүрөт. Жанагы ресторандын ээси Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Силер элге үлгү болуп эл башкара турган адамсыңар. Анан «Текебаев, сен тажаттың» деп митингден кубалаганы келген элек», — деп силердин абийириңерди ачып жатпайбы. Мага эмес, эл алдында. Муну айтпаса, мен чыгарбайт элем. Митингден мени кантип кубайлайсыңар, ал менин конституциялык укугум. Кубалаш үчүн күч колдонуш керек, кубалаш үчүн уруш керек. Жаңжал болбосун деп мен качып, көрүнбөй ошол жерде отургам. Бирок баары бир таап келип, сен өзүң айтып жатасың, өкмөт үйүнөн бирөө чыгып, «тиги жерге баргыла деп айтты, ары жагын билбейм» деп жатасың. Нары жагына күнөөңөр жок. 

Андан ары улантсак, президент айтып жатат, «Бирок эки жактын тең тиешеси жок, жөн гана митингди кубалайбыз деп келишкен тентектер болуп чыкты», — деп. «Мени эле эмес, митингди кубалайбыз деп келишти», — деп жатат. «Кубалайбыз» деген — бул күч колдонуу. Ал жерге мурунку спикерлер барды, мурунку өкмөт башчылары барды, мурунку депутаттар барды, аялдар, кыздар барды. Алар өздөрүнүн конституциялык укугун коргоп, даректүү БШКга барды. Анан кантип кууйсуңар? Президент айтып жатат «кууганы келди» деп. Президенттин айтканы боюнча баарыңар соттолушуңар керек. Көп жылга соттолушуңар керек. Уюштуруп жибергендер биринчи соттолушу керек. А кантип кууйсуңар? Президенттин сөзүнө да, байлардын сөзүнө да кирбегиле, мэрлердин сөзүнө да кирбегиле. Алар кетет, келет». 

Президент Садыр Жапаров бүгүн эртең менен саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салган окуя боюнча журналист Асланбек Сартбаевге маек берген. Анда Текебаевди сабап, телефонун алып кетишкендер жөнөкөй эле карапайым балдар болуп чыкканын айткан. Президент ошондой эле окуянын башында «Текебаев өзү атайын уюштуруп жаткан жокпу?» деген ой келгенин жашырган эмес.

«БШКдагы ызы-чуу басылбай жатса, дагы бир көйгөйдүн мага эмне кереги бар эле? Андан сырткары бүткүл дүйнөлүк коомчулук ушул убакта биздин ар бир кыймыл-аракетибизге байкоо салып турат. Анан ушундай иш жасап жапайычылыкка баруу үчүн эси жок адам болушуң керек. Кудай сактасын, ар бир ишти жети өлчөп, бир кескен адамдарданбыз. Андай кадамдарга барбайбыз. Текебаевди сабап, телефонун алып кетишкендер жөнөкөй эле карапайым балдар болуп чыкты. Көп өтпөй муштаган бала кармалды. Камакка алынды. Текебаевдин телефону кайтарылды. «Жөн гана Текебаевге жинибиз келип, «сен тажаттың» деп митингден кубалаганы келген элек» деп көрсөтмө берип жатышат».

Ал эми УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналист Жоодар Бузумовдун суроосуна жооп берип жатып, Текебаевге кол салуу болбогонун, ал бирөө менен урушуп кетип, каршылашы чаап жибергенин айткан.

«Ага эч ким кол салган эмес. Бирөө менен уруша кетип, каршылашы чаап жиберген. Атайылап кол салуу үчүн бирөөлөр келген эмес. ИИМ шектүүлөрдүн бирин кармады».

Белгилей кетсек, 1-декабрда борбор калаадагы мейманканалардын биринин алдында Өмүрбек Текебаевге белгисиз балдар кол салган. Президент Садыр Жапаров ишти тез арада териштирүү боюнча ИИМге тапшырма берген. ИИМ аталган факты боюнча Жазык кодексинин 201-беренесине («адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо») ылайык кылмыш ишин козгоп, шектүү катары 23 жаштагы жаранды кармаган. Учурда башка да шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM