Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 4-декабрда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдорго кар, муз тоңот. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14;
Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9;
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4;
Бишкекте 4-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +12…+14 градус жылуу.