Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда эң көп пенсия 179 миң сом. Аны бир эле адам алат

Кыска кабар | 3 Дек 2021 | 10728 | 2

Кыргызстанда пенсиянын эң жогорку көлөмү 179 миң сом. Бул тууралуу 3-декабрда өткөн брифингде Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтуусу боюнча, мындай жогорку пенсияны Кыргызстанда бир гана адам алат. Мыйзамга ылайык, анын атын ачык айтууга тыюу салынат.

Өлкөдө эң аз пенсия 1500 сом. Аны эмгек стажы жок 40 миңге жакын адам алат.

Октябрь айында пенсия жогорулагандан кийин Кыргызстанда пенсиянын орточо өлчөмү 6 миң 340 сомду түздү. Пенсиялардын орточо өсүшү 455 сомдон болду.

2 пикир

2 пикир

  1. Айнура

    03.12.2021 16:51

    Октябрда айрым адамдардын пенсиясы көбөйдү,а.э.айрымдардыкы азайды,эмне үчүн?

  2. Искендер

    06.12.2021 15:18

    Афгандарды унуттунар компенсация алты мин(6000) сом . Азыр эн кичуусу 54 жашта улуулары 70тен ашты. Денсоолука айрыкча нерв системалары боюнча афган согушунун катышуучулары кобуроок кайрыла баштадык. Бир жолку 10кундук дарыланууга госпиталда жок дарыларды сатып алсан 25, 30мин сом акча талап кылынат.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM