Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бири кармалды

Кыска кабар | 2 Дек 2021 | 1831 | 0

«Ата Мекен» партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бири кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында борбор калаанын криминалдык милициясы Өмүрбек Текебаевге кол салууга шектүү катары Чүй облусунун 1998-жылы туулган тургуну Э.Ы.ны колго түшүрдү. Ал өз эрки менен Өмүрбек Текебаевдин телефонун тапшырып берди», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда башка да шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатат.

Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду

Copyright © 2017 Maral FM